# 6-берене. Коргоо объектинин өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келүү шарттары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 6-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-6

---

1. Эгер ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларынын милдеттүү талаптары толук көлөмдө аткарылса, коргоо объектинин өрт коопсуздугу камсыз кылынды деп эсептелет.

2. Шаардык, айылдык калктуу конуштарда, жабык объекттерде жана менчигинин формасына карабастан коргоо объекттеринде өрт коопсуздугунун чараларын ишке ашыруу бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Карамагында коргоо, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу тутумунун, мамлекеттик чек араны коргоо маселелери болгон Кыргыз Республикасынын эксаймактык объекттеринин, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, ошондой эле жер астындагы иштеп чыгуу жана шахталардын объекттериндеги, темир жол объекттериндеги өрт коопсуздугу өз күчтөр жана каражаттар же өрт коопсуздугунун чараларын ишке ашыруунун алкактарында - өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнүн макулдашылган пландарына ылайык камсыз кылынат.

4. Токой жана тоо массивдериндеги өрт коопсуздугу өз күчтөрү жана аларга өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана токой чарба органдарынын каражаттары менен же өрт коопсуздугунун чараларын ишке ашыруунун алкактарында - өрттүн алдын алуу жана өчүрүү жаатындагы, ошондой эле өрт коопсуздугу жаатындагы көзөмөл жана контроль Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнүн макулдашылган пландарына ылайык камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-7)
