Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
56-берене. Түтүнгө каршы коргоо тутуму
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 14-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Имараттардын жана курулмалардын түтүнгө каршы коргоо тутуму күйүү продуктуларын жана ысыктан бузулган нерселерди жок кылуу жана (же) алардын жайылышын болтурбоо жолу менен адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл болгон убакыттын ичинде же өрт күчөгөн жана өрттү өчүрүү убагында өрттүн коркунучтуу таасирлеринен эвакуациялоо жолдорунда жана коопсуз зоналарда адамдарды коргоону камсыз кылууга тийиш.
Көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечилиштерге жараша имараттардын жана курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү тутуму механикалык же табигый түрдө иштей тургандай аткарылууга тийиш. Түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү тутумунда иштөө ыкмаларына карабастан түтүнгө каршы желдетүүнүн автоматтык жана аралыктан кол менен ишке киргизүүчү аткаруу механизмдери жана орнотмолору болууга тийиш. Имараттар менен курулмалардын көлөмдүк-пландоо чечилиштери күйүүчү продуктулардын өрт болгон жайдын, өрт отсегинин жана (же) секциясынын чегинен сырткары таралуу мүмкүнчүлүгүн четтетүүгө тийиш. Имараттар менен курулмалардын функционалдык арналышына жана көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечилиштерине жараша аларда түтүнгө каршы желдетүүнүн агымдуу-соруучу же соруучу тутуму каралууга тийиш. Имараттар менен курулмалардын чегинен күйүү продуктуларын чыгаруу үчүн соруучу желдетүүнү механикалык же табигый соруучу түтүнгө каршы желдетүү орнотмосу жок колдонууга жол берилбейт. Түтүнгө каршы соруучу желдетүү өрттө күйүү продуктуларын түздөн түз өрт болгон жайдан, эвакуациялоо жолдорундагы коридорлордон, холлдордон четтетүүнү камсыз кылууга тийиш. Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы тутумунун агымдуу желдетүү тутуму өрт болгон жайга жанаша жайгашкан жайларда, тепкич клеткаларында, лифт холлдорунда жана тамбур-шлюздарда аба берип турууну жана ашыкча басымды түзүүнү камсыз кылууга тийиш. Имараттар менен курулмаларды түтүнгө каршы коргоо элементтеринин конструкциялык аткарылышы жана мүнөздөмөсү түтүнгө каршы коргоонун максаттарына жараша коопсуз зонага адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл убакыттын же өрт болгон мезгилдин ичинде түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү тутумунун бузулбай иштөөсүн камсыз кылууга тийиш. Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү тутумунун аткаруучу механизмдери менен түзүлүштөрүн автоматтык иштетүү автоматтык өрт сигнализациясы же автоматтык өрт өчүрүүчү орнотмолор иштегенде жүзөгө ашырылууга тийиш. Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү тутумунунун механизмдери менен түзүлүштөрүн аралыктан кол менен иштетүү эвакуациялык чыгуу жерлеринде жана өрт постторунун жайларында же диспетчердик персоналдын жайларында жайгашкан ишке киргизүү элементтери аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш. Өрттө имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү тутумун иштетүүдө жалпы алмаштыруу жана абаны технологиялык желдетүү менен кондиционерлөө тутумдары милдеттүү түрдө өчүрүлүшү жүзөгө ашырылууга тийиш. Аэрозолдук, порошоктук жана газ менен өрт өчүрүүчү автоматтык түзүлүштөрдү жана түтүнгө каршы желдетүү тутумдарын өрт болгон жайда бир мезгилде иштетүүгө жол берилбейт.
2. Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы коргоо тутумунун курамына, конструкциялык аткарылышына, колдонуу өзгөчөлүктөрүнө жана элементтерин иштетүүнүн ырааттуулугуна коюлуучу талаптар алардын функционалдык арналышына жана архитектуралык-пландоо чечилишине жараша ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актыларына жана курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык долбоорлоо тапшырмасы менен аныкталат.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-56" title="56-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>