# 55-берене. Өрттө адамдарды жамааттык коргоо тутумдары жана жеке коргонуу каражаттары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 55-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-55

---

1. Адамдарды өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен жамааттык коргоо тутумдары жана жеке коргонуу каражаттары адамдарга өрттүн коркунучтуу факторлору таасир эткен убакытта алардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.

Адамдарды жамааттык коргоо тутуму өрт мезгилинде же өрттөн коопсуз зонага адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл убакыт ичинде адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Бул учурда адамдардын коопсуздугу имараттардагы жана курулмалардагы өрттөн коопсуз зоналардын көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечилиши аркылуу (анын ичинде имараттын кабаты менен сыртка аба зонасы аркылуу байланышкан тепкич клеткаларын орнотуу аркылуу), ошондой эле эвакуациялоо жолдорунда өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен адамдарды коргоонун техникалык каражаттарын (анын ичинде түтүнгө каршы коргоочу каражаттарды) колдонуу аркылуу жетишилүүгө тийиш.

2. Адамдардын жеке коргонуу (анын ичинде көрүү жана дем алуу органдарын коргоо) каражаттары аларды өрттөн коопсуз зонага эвакуациялоо үчүн зарыл убакыт ичинде же өрттү өчүрүү боюнча атайын иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон убакыттын ичинде адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Адамдардын жеке коргонуу каражаттары эвакуацияланып жана куткарылып жаткан адамдарды да, өрттү өчүрүүгө катышып жаткан өрт өчүрүүчүлөрдү да коргоо үчүн колдонулууга тийиш.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-56)
