# 54-берене. Өрттү табуу, кабарлоо жана өрттө адамдарды эвакуациялоону башкаруу тутуму

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 54-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-54

---

1. Өрттү табуу (өрт сигнализациясынын орнотмолору жана тутуму), өрттө кабарлоо жана адамдарды эвакуациялоону башкаруу тутуму конкреттүү объекттин шартында адамдарды коопсуз (жол берилген өрт тобокелдигин эске алуу менен) эвакуациялоону уюштуруу максатында өрт тууралуу кабарлоо тутумун иштетүүгө зарыл убакыттын ичинде өрттү автоматтык табууну камсыз кылууга тийиш.

2. Функционалдык арналышына жана менчигинин формасына карабастан чарба жүргүзүү объекттеринде куралган өрттү табуунун жана өчүрүүнүн автоматтык тутумдары өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук байланыш пунктуна ("101" кызматына) кошулууга тийиш.

3. Өрттү табуу, ал тууралуу кабарлоо жана өрттө адамдарды эвакуациялоону башкаруунун автоматикалык тутумдары менен милдеттүү жабдылууга жаткан объекттердин тизмеги, ошондой эле аларды монтаждоо боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ошондой эле курулуш ченемдери жана эрежелери менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-55)
