54-берене. Өрттү табуу, кабарлоо жана өрттө адамдарды эвакуациялоону башкаруу тутуму
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 14-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Өрттү табуу (өрт сигнализациясынын орнотмолору жана тутуму), өрттө кабарлоо жана адамдарды эвакуациялоону башкаруу тутуму конкреттүү объекттин шартында адамдарды коопсуз (жол берилген өрт тобокелдигин эске алуу менен) эвакуациялоону уюштуруу максатында өрт тууралуу кабарлоо тутумун иштетүүгө зарыл убакыттын ичинде өрттү автоматтык табууну камсыз кылууга тийиш.
2. Функционалдык арналышына жана менчигинин формасына карабастан чарба жүргүзүү объекттеринде куралган өрттү табуунун жана өчүрүүнүн автоматтык тутумдары өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук байланыш пунктуна ("101" кызматына) кошулууга тийиш.
3. Өрттү табуу, ал тууралуу кабарлоо жана өрттө адамдарды эвакуациялоону башкаруунун автоматикалык тутумдары менен милдеттүү жабдылууга жаткан объекттердин тизмеги, ошондой эле аларды монтаждоо боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ошондой эле курулуш ченемдери жана эрежелери менен аныкталат.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
54-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-54" title="54-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>