# 53-берене. Өрттө адамдарды эвакуациялоо жолдору

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 53-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-53

---

1. Ар бир имаратта же курулмада өрттө адамдарды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылуучу эвакуациялоо жолдорунун көлөмдүк-пландык чечилиши жана конструкциялык аткарылышы болууга тийиш. Адамдарды коопсуз эвакуациялоо мүмкүн болбогондо, жамааттык коргоо тутумдарын колдонуу аркылуу адамдарды коргоо камсыз кылынууга тийиш.

Адамдарды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

- зарыл сандагы, өлчөмдөгү жана тиешелүү конструкциялык аткарылыштагы эвакуациялоо жолдорун жана чыгуу жерлерин орнотуу;

- эвакуациялоо жолдору боюнча жана эвакуациялык чыгуу жерлери аркылуу адамдардын тоскоолсуз кыймылын камсыз кылуу;

- маалымдоону жана эвакуациялоо жолдору боюнча адамдардын кыймылын (анын ичинде жарык көрсөткүчтөрүн, үн жана сүйлөө маалымдамаларын колдонуу менен) башкарууну уюштуруу.

2. Эгер өрт билингенден баштап адамдарды коопсуз зонага эвакуациялоо процесси аяктаганга чейинки убакыт адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл болгон убакыттан ашпаса, имараттардан жана курулмалардан адамдарды коопсуз эвакуациялоо камсыз кылынган болуп эсептелет.

3. Эвакуациялоо (авариялык) жолдорунун жана чыгуу жерлеринин саны жана өлчөмү боюнча конкреттүү талаптар тиешелүү (мамлекеттер аралык) курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын эсептери менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-54)
