# 52-берене. Адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо ыкмалары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 52-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-52

---

Адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо же алардын таасиринин кесепеттерин чектөө төмөнкү ыкмалардын бири же бир нечеси аркылуу камсыз кылынат:

1) өрттүн очогунун чегинен сырткары таралышын чектөөнү камсыз кылуучу көлөмдүк-пландык чечимдерди жана каражаттарды колдонуу;

2) өрттө адамдарды коопсуз эвакуациялоо талаптарына жооп берген эвакуация жолдорун куруу;

3) өрттү автоматтык түрдө табуучу (өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорун), өрттө маалымдоочу жана адамдардын эвакуациясын башкаруучу системаларды орнотуу;

4) өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен адамдарды жамааттык коргоо тутумдарын (анын ичинде түтүнгө каршы) жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу;

5) өрттө абаны көтөрмөлөп туруунун, бөлмөлөрдү түтүндөн коргоонун, адамдарды эвакуациялоо жолдорунун жана түтүндү жок кылуунун автоматикалык тутумдарын орнотуу;

6) отко туруктуулук чеги бар негизги курулуш конструкцияларын жана имараттардын (курулмалардын) талап кылынган отко туруктуулук даражасына жана алардын конструкциялык өрт коркунучунун классына жооп берүүчү өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү бар материалдарды колдонуу;

7) курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чегин жогорулатуу үчүн оттон коргоочу курамдарды (анын ичинде антипирендерди жана оттон коргогон сырларды) жана курулуш материалдарын (беттерин каптагычтарды) колдонуу;

8) темир жана темир-бетондук көтөрүүчү конструкциялардын отко туруктуулук чегин жогорулатуу үчүн термикалык коргоолорду (оттон коргоо каражаттарын) колдонуу;

9) өрт коркунучу бар суюктуктардын авариялык куйгучтарын жана күйүүчү газдарды аппараттардан авариялык чыгаргычтарды орнотуу;

10) технологиялык жабдууларда жарылууга каршы коргонуу тутумун орнотуу;

11) өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын колдонуу;

12) өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорун жана суу тосмосун колдонуу;

13) эвакуациялоо жолдорунда күйбөгөн жана оңой менен күйүп кетпеген конструкцияларды жана жасалгоочу материалдарды колдонуу;

14) өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүнүн ишин уюштуруу.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-53)
