51-берене. Өрткө каршы коргоо тутумун түзүүнүн максаты
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 14-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Өрткө каршы коргоо тутумун түзүүнүн максаты адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо жана (же) анын кесепеттерин чектөө болуп саналат.
Адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо жана (же) анын кесепеттерин чектөө өрттүн коркунучтуу факторлорунун күчөө динамикасын басаңдатуу менен, адамдарды жана мүлктү коопсуз зонага эвакуациялоо жана (же) өрттү өчүрүү менен камсыз кылынат.
2. Өрткө каршы коргоо тутуму өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатына жетүү үчүн зарыл болгон убакыт ичинде өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасирине бекем жана туруктуу болууга тийиш.
3. Объекттердин өрткө каршы коргоо тутумунун курамы жана функционалдык мүнөздөмөсү Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары жана тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери менен аныкталат.
4. Өрткө каршы коргоонун автоматтык тутумдары жана өрт насостук станциялары керектөөнүн I категориясы боюнча электр жабдуу менен камсыз кылынууга тийиш.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
51-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-51" title="51-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>