# 50-берене. Күйүүчү чөйрөдө тутануу булагынын түзүлүү (же ага киргизилүү) шарттарын четтетүү ыкмалары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 50-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-50

---

1. Күйүүчү чөйрөдө тутануу булагынын түзүлүү шарттарын четтетүү төмөнкү ыкмалардын бири же бир нечеси аркылуу жетишилүүгө тийиш:

1) өрт коркунучу жана (же) жарылуу коркунучу бар зонанын классына, жарылуу коркунучу бар аралашманын категориясына жана тобуна ылайык келген электр жабдууларын колдонуу;

2) конструкцияда электр орнотмолорунун коргоп өчүрүүчү таасири тез каражаттарды жана тутануу булагынын түзүлүүсүнө алып келүүчү башка түзүлүштөрдү колдонуу;

3) статикалык электр тогунун түзүлүүсүн четтетүүчү жабдууларды жана технологиялык процесстерди жүргүзүү режимдерин колдонуу;

4) имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды чагылгандан коргоо (чагылган тоскуч) түзүлүшү;

5) күйүүчү чөйрө менен тийишүүчү заттардын, материалдардын жана беттердин ысыган коопсуз температурасын кармоо;

6) күйүүчү чөйрөдө учкун разрядынын энергиясын коопсуз маанилерине чейин чектөөчү ыкмалар менен түзүлүштөрдү колдонуу;

7) оңой от алуучу суюктуктар жана күйүүчү газдар менен иштегенде учкундан коркунучсуз шайманды колдонуу;

8) жүгүртүлгөн заттардын, материалдардын жана буюмдардын өзүнөн өзү ысыктан, химиялык жана (же) микробиологиялык от алып кетүүчү шарттарын жоюу;

9) пирофордук заттардын аба менен байланышын болтурбоо;

10) жалындын бир көлөмдөн чектеш турган көлөмдөргө таралуу мүмкүнчүлүгүн четтетүүчү түзүлүштөрдү колдонуу.

2. Тутануу булактарынын параметрлеринин коопсуз маанилери белгиленген тартипте бекитилген, тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталган, андагы жүгүртүлгөн заттар менен материалдардын өрт коркунучунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде технологиялык процессти жүргүзүү шарттары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-51)
