# 5-берене. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 5-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-5

---

1. Ар бир коргоо объектинин өрт коопсуздугун камсыз кылуу тутуму болууга тийиш.

2. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу тутумун түзүүнүн максаты өрттү болтурбоо, адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өрттө мүлктү коргоо болуп саналат.

3. Коргоо объектинин өрт коопсуздугун камсыз кылуу тутуму милдеттүү түрдө өрттү болтурбоо тутумун, өрткө каршы коргоо тутумун, өрттүн чыгуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу жана өрттүн натыйжасында адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучун болтурбоого багытталган, ошондой эле чыккан өрттү ойдогудай жоюуга, адамдарды жана материалдык баалуулуктарды өз убагында жана коопсуз эвакуациялоого өбөлгө болуучу өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралардын комплексин өзүнө камтыйт.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-6)
