# 49-берене. Күйүүчү чөйрөнүн түзүлүү шарттарын четтетүү ыкмалары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 49-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-49

---

Күйүүчү чөйрөнүн түзүлүү шарттарын четтетүү төмөнкү ыкмалардын бири же бир нечеси менен камсыз кылынууга тийиш:

1) күйбөөчү заттар менен материалдарды колдонуу;

2) күйүүчү заттар менен материалдардын массасын жана (же) көлөмүн чектөө;

3) күйүүчү заттар менен материалдарды, ошондой эле бири-бири менен өз ара аракеттенгенде күйүүчү чөйрөнүн түзүлүүсүнө алып келүүчү материалдарды жайгаштыруунун кыйла коопсуз ыкмаларын пайдалануу;

4) күйүүчү чөйрөнү тутануу булагынан обочолоо (обочолонгон отсектерди, камераларды, кабиналарды колдонуу);

5) кычкылдандыргыч жана (же) күйүүчү заттардын чөйрөлөрүндө коопсуз концентрацияны кармап туруу;

6) кычкылдандыргычтын күйүүчү чөйрөдөгү концентрациясынын корголуучу көлөмдө азайтылышы;

7) чөйрөнүн температурасын жана басымын жалындын таралышы болбой тургандай кылып кармап туруу;

8) күйүүчү заттардын жүгүртүлүшү менен байланышкан технологиялык процесстерди механизациялоо жана автоматташтыруу;

9) өрт кооптуулугу жабдууларын өзүнчө жайларга же ачык аянтчага орнотуу;

10) күйүүчү заттардын жайдын көлөмүнө чыгышын четтеткен, же жайда күйүүчү чөйрөнүн түзүлүүсүн четтеткен өндүрүштүк жабдууларды коргоо түзүлүштөрүн колдонуу;

11) технологиялык жабдуулардын жана коммуникациялардын жайларынан өндүрүштүн өрт кооптуу калдыктарын, чаң басууларды, пырларды жок кылуу.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-50)
