# 48-берене. Өрттү болтурбоо тутумун түзүүнүн максаты

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 48-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-48

---

1. Өрттү болтурбоо тутумун түзүүнүн максаты өрттүн келип чыгуу шарттарын четтетүү болуп саналат.

Өрттүн келип чыгуу шарттарын четтетүү күйүүчү чөйрөнүн пайда болуу шарттарын жана (же) күйүүчү чөйрөдө тутануу булагынын пайда болуу (же ага киргизилүү) шарттарын четтетүү аркылуу жетишилет.

2. Коргоо объектиндеги өрттү болтурбоо тутумдарынын курамы жана функционалдык мүнөздөмөсү ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылары жана тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери менен белгиленет.

3. Өрттү болтурбоо тутумдарынын мүнөздөмөлөрүн изилдөөлөрдүн (сыноолордун жана өлчөөлөрдүн) эрежелери жана усулдары белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык белгиленет.

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-49)
