# 47-берене. Өрттө адамдарды коргоонун жана куткаруунун жеке каражаттарын классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 47-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-47

---

1. Өрттө адамдарды коргоонун жеке каражаттары коргоо объектинин кызматкерлерин, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүнүн жеке курамын жана эвакуацияланган жарандарды өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо үчүн арналат. Өрттө адамдарды куткаруу каражаттары өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын бөлүмдөрүнүн өздүк курамы жана күйүп жаткан имараттан, курулмадан жарандарды, жердеги, абадагы жана суудагы транспорт каражаттарын куткаруу үчүн арналат.

2. Өрттө адамдарды коргоонун жеке каражаттары төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) дем алуу жана көрүү органдарын коргоонун жеке каражаттары (обочолоо аракеттеги);

2) өрт өчүрүүчүлөрдүн жеке коргонуу каражаттары.

3. Өрттө адамдарды бийиктиктен куткаруу каражаттары төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) адамдарды куткаруунун жеке каражаттарына;

2) адамдарды куткаруунун жамааттык каражаттарына.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-48)
