# 46-берене. Өрт өчүрүү автоматикасынын (сигнализация) каражаттары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 46-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-46

---

Өрт өчүрүү автоматикасынын каражаттары өрттү автоматтык түрдө табууга, ал тууралуу адамдарды маалымдоо жана адамдардын эвакуациялоосун башкаруу, өрттү өчүрүү жана түтүндү кетирүү орнотмолорун автоматтык башкаруу, имараттардын жана объекттердин инженердик, технологиялык жана коммуникациялык жабдууларын башкаруу үчүн арналган. Өрт автоматикасынын каражаттары төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) өрт маалымдагычтарына;

2) кабыл алгыч-контролдоо өрт приборлоруна;

3) башкаруучу өрт приборлоруна;

4) кабарлоону жана эвакуацияны башкаруунун өрт техникалык каражаттарына;

5) өрт тууралуу маалымдоолорду берүү тутумдарына;

6) өрт автоматикасынын тутумдарын куруу үчүн башка приборлоруна жана жабдууларына.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-47)
