# 45-берене. Өрт өчүрүү орнотмолорун классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 45-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-45

---

1. Өрт өчүрүү орнотмолору - от өчүрүүчү заттарды жиберүү менен өрттү өчүрүүнүн стационардык техникалык каражаттарынын жыйындысы.

Өрт өчүрүү орнотмолору өрттү чектөөнү жана жок кылууну камсыз кылууга тийиш. Өрт өчүрүү орнотмолору төмөнкүдөй бөлүнөт:

- конструкциялык түзүлүшү боюнча - агрегаттык жана модулдук;

- автоматташтыруу даражасы боюнча - автоматтык, автоматташтырылган жана кол менен иштетилүүчү;

- от өчүрүүчү заттардын түрү боюнча - суу, көбүк, газ, порошок колдонулуучу, аэрозолдук жана айкалышкан;

- өчүрүү ыкмасы боюнча - көлөмдүк, үстүңкү, чектелген-көлөмдүк жана чектелген-үстүңкү.

2. Өрт өчүрүү орнотмосунун типтери, өчүрүү ыкмасы жана от өчүрүүчү заттардын түрү Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

Мында өрт өчүрүү орнотмосу төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

- өрттүн күчөшүнүн баштапкы стадиясынын узактыгынан (өрттүн эркин күчөшүнүн чектүү мезгилинен) ашпаган мезгил ичинде иштей баштоосун;

- суу жеткирүүнүн зарыл болгон ургаалдуулугун же от өчүрүүчү заттардын салыштырмалуу сарпталышын;

- ыкчам күчтөр менен каражаттарды аракетке келтирүү үчүн зарыл мезгил ичинде өрттү жок кылуу же чектөө максатында өчүрүүнү;

- иштешинин талап кылынган ишенимдүүлүгүн.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-46)
