# 40-берене. Тепкич клеткаларын классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 40-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-40

---

1. Тепкич клеткалары өрттө түтүндөн корголуу даражасына жараша төмөнкү типтерге бөлүнөт:

1) кадимки тепкич клеткалары;

2) түтөбөөчү тепкич клеткалары.

2. Кадимки тепкич клеткалары жарык берүү ыкмасына жараша төмөнкү типтерге бөлүнөт:

1) "Л1" ар бир кабаттын сырткы дубалындагы айнектелген же ачык оюктар аркылуу табигый жарык кирген тепкич клеткалары;

2) "Л2" жабык жердеги айнектелген же ачык оюктар аркылуу табигый жарык кирген тепкич клеткалары.

3. Түтөбөөчү тепкич клеткалары өрттө түтөөдөн сактоо ыкмасына жараша төмөнкү типтерге бөлүнөт:

1) "Н1" түтөбөөчү сырткы аба зонасы аркылуу ачык өткөөл боюнча кабаттан тепкич клеткасына чыккан жери бар тепкич клеткалары;

2) "Н2" өрттө тепкич клеткаларына абаны үйлөгөн тепкич клеткалары;

3) "Н3" ар бир кабатта дайыма же өрт учурунда аба үйлөнгөнү камсыз кылынган тамбур-шлюз аркылуу чыккан жери бар тепкич клеткалары.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тепкич клеткаларын бийиктиги 28 метр же андан жогору коомдук арналышындагы турак жай арналышындагы имараттарда ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык караштыруу керек.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-41)
