40-берене. Тепкич клеткаларын классификациялоо
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 11-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Тепкич клеткалары өрттө түтүндөн корголуу даражасына жараша төмөнкү типтерге бөлүнөт:
1) кадимки тепкич клеткалары;
2) түтөбөөчү тепкич клеткалары.
2. Кадимки тепкич клеткалары жарык берүү ыкмасына жараша төмөнкү типтерге бөлүнөт:
1) "Л1" ар бир кабаттын сырткы дубалындагы айнектелген же ачык оюктар аркылуу табигый жарык кирген тепкич клеткалары;
2) "Л2" жабык жердеги айнектелген же ачык оюктар аркылуу табигый жарык кирген тепкич клеткалары.
3. Түтөбөөчү тепкич клеткалары өрттө түтөөдөн сактоо ыкмасына жараша төмөнкү типтерге бөлүнөт:
1) "Н1" түтөбөөчү сырткы аба зонасы аркылуу ачык өткөөл боюнча кабаттан тепкич клеткасына чыккан жери бар тепкич клеткалары;
2) "Н2" өрттө тепкич клеткаларына абаны үйлөгөн тепкич клеткалары;
3) "Н3" ар бир кабатта дайыма же өрт учурунда аба үйлөнгөнү камсыз кылынган тамбур-шлюз аркылуу чыккан жери бар тепкич клеткалары.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тепкич клеткаларын бийиктиги 28 метр же андан жогору коомдук арналышындагы турак жай арналышындагы имараттарда ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык караштыруу керек.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-40" title="40-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>