# 4-берене. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 4-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугу жаатында саясатты жүзөгө ашыруучу өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн бардык шарттарды камсыз кылуучу өрткө каршы алдын алуу жана өрткө каршы ченемдөө мүмкүн болуучу өрттү болтурбоонун негизи болуп саналат.

3. Жеке жана юридикалык жактар, менчигинин формасына карабастан чарба жүргүзүү объекттери тарабынан өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышын контролдоо максатында өрт коопсуздугун сактоого мамлекеттик өрт көзөмөлү жүргүзүлөт.

4. Өрткө каршы объекттик бөлүмү бар ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын аймагында чыккан өрт, бул бөлүмдөрдүн өз күчү жана каражаттары менен өчүрүлүшү мүмкүн.

5. Өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын объекттик (ведомстволук) өрткө каршы бөлүмдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыктыярдуу өрттөн куткаруучу түзүлүштөрү, ошондой эле айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тартибинде мыйзамдарга ылайык аларга берилген ыйгарым укуктардын чектеринде муниципалдык өрттөн куткаруу түзүлүштөрү тартылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-5)
