# 37-берене. Өрткө каршы бөгөттөрдү классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 37-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-37

---

1. Өрткө каршы бөгөттөр өрттүн коркунучтуу факторлорунун таралуусун болтурбоо ыкмасына жараша төмөнкү типтерге бөлүнөт:

1) өрткө каршы дубалдар;

2) өрткө каршы тосмолор;

3) өрткө каршы калканчтар;

4) өрткө каршы ажырымдар;

5) өрткө каршы көшөгөлөр, шторалар жана экрандар;

6) өрткө каршы суу тосмолору;

7) өрткө каршы минералдаштырылган тилкелер.

2. Өрткө каршы дубалдар, тосмолор жана калканчтар, өрткө каршы бөгөттөрдөгү оюктарды толтуруу (өрткө каршы эшиктер, дарбазалар, люктар, клапандар, терезелер, шторалар, көшөгөлөр) алардын тосуучу бөлүгүнүн отко туруктуулук чектерине жараша, ошондой эле өрткө каршы бөгөттөрдөгү оюктар үчүн каралган тамбур-шлюздар ошол тамбур-шлюздардын элементтеринин типтерине жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:

1)

дубалдар

1 же 2-тип;

2)

тосмолор

1 же 2-тип;

3)

калканчтар

1 же 2, же 3, же 4-тип;

4)

эшиктер, дарбазалар, люктар, клапандар, экрандар, шторалар

1 же 2, же 3-тип;

5)

терезелер

1 же 2, же 3-тип;

6)

көшөгөлөр

1-тип;

7)

тамбур-шлюздар

1 же 2-тип.

3. Өрткө каршы бөгөттөр өрткө каршы бөгөттөрдүн элементтеринин отко туруктуулук чектерине жана оюктарды толтуруу тибине жараша тигил же бул типке таандык кылынат жана белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык аныкталат.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-38)
