37-берене. Өрткө каршы бөгөттөрдү классификациялоо
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 10-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Өрткө каршы бөгөттөр өрттүн коркунучтуу факторлорунун таралуусун болтурбоо ыкмасына жараша төмөнкү типтерге бөлүнөт:
1) өрткө каршы дубалдар;
2) өрткө каршы тосмолор;
3) өрткө каршы калканчтар;
4) өрткө каршы ажырымдар;
5) өрткө каршы көшөгөлөр, шторалар жана экрандар;
6) өрткө каршы суу тосмолору;
7) өрткө каршы минералдаштырылган тилкелер.
2. Өрткө каршы дубалдар, тосмолор жана калканчтар, өрткө каршы бөгөттөрдөгү оюктарды толтуруу (өрткө каршы эшиктер, дарбазалар, люктар, клапандар, терезелер, шторалар, көшөгөлөр) алардын тосуучу бөлүгүнүн отко туруктуулук чектерине жараша, ошондой эле өрткө каршы бөгөттөрдөгү оюктар үчүн каралган тамбур-шлюздар ошол тамбур-шлюздардын элементтеринин типтерине жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
1)
дубалдар
1 же 2-тип;
2)
тосмолор
1 же 2-тип;
3)
калканчтар
1 же 2, же 3, же 4-тип;
4)
эшиктер, дарбазалар, люктар, клапандар, экрандар, шторалар
1 же 2, же 3-тип;
5)
терезелер
1 же 2, же 3-тип;
6)
көшөгөлөр
1-тип;
7)
тамбур-шлюздар
1 же 2-тип.
3. Өрткө каршы бөгөттөр өрткө каршы бөгөттөрдүн элементтеринин отко туруктуулук чектерине жана оюктарды толтуруу тибине жараша тигил же бул типке таандык кылынат жана белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык аныкталат.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
37-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-37" title="37-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>