# 35-берене. Курулуш конструкцияларын отко туруктуулугу боюнча классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 35-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-35

---

1. Имараттардын жана курулмалардын курулуш конструкциялары стандарттык сыноо шарттарында алардын өрттүн таасирине жана өрттүн коркунучтуу факторлорунун таралышына каршылык көрсөтүү жөндөмдүүлүгүнө жараша төмөнкүдөй отко туруктуулук чегине ээ курулуш конструкцияларына бөлүнөт:

1) ченемге салынбаган;

2) 15 мүнөттөн кем эмес;

3) 30 мүнөттөн кем эмес;

4) 45 мүнөттөн кем эмес;

5) 60 мүнөттөн кем эмес;

6) 90 мүнөттөн кем эмес;

7) 120 мүнөттөн кем эмес;

8) 150 мүнөттөн кем эмес;

9) 180 мүнөттөн кем эмес;

10) 240 мүнөттөн кем эмес;

11) 360 мүнөттөн кем эмес.

2. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чеги стандарттык сыноолордун шарттарында аныкталат. Көтөрүүчү жана тосуучу курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектери стандарттык сыноолордун шарттарында же эсептөөлөрдүн натыйжасында бир же чектик абалдардын төмөнкү бир нече белгилерине ырааттуу жетүү убактысы боюнча белгиленет:

1) көтөрүү жөндөмдүүлүгүн жоготушу "R";

2) бүтүндүгүн жоготушу "Е";

3) конструкциянын ысытылбаган бетинде температуранын "I" чектик маанилерге чейин жогорулашынан улам же конструкциялардын ысытылбаган бетинен ченемделген аралыкта жылуулук агымынын тыгыздыгынын чектик "W" чоңдугуна жетишинин кесепетинен жылуулук өткөрбөө жөндөмдүүлүгүнүн жоголушу.

3. Өрткө каршы бөгөттөрдүн оюктарын толтуруу үчүн отко туруктуулук чеги бүтүндүгүн жоготкондогу "Е", жылуулук өткөрбөө жөндөмдүүлүгүнүн "I", жылуулук агымынын тыгыздыгынын "W' жана (же) түтүн-газ өткөрбөстүгүнүн "S" чектик чоңдугуна жеткенде келет.

4. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чегин жана чектик абалдарынын белгилерин аныктоо усулдары белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык белгиленет.

5. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектеринин шарттуу белгилери чектик абалынын жана тобунун тамга түрүндөгү белгилерин камтыйт.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-36)
