# 33-берене. Өрт деполорунун имараттарын классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 33-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-33

---

1. Өрт деполорунун имараттары арналышына, автомобилдердин санына, жайларынын жана алардын аянттарынын курамына жараша төмөнкү типтерге бөлүнөт:

1) I - шаардык калктуу конуштарды коргоо үчүн 6, 8, 10 жана 12 автомобилге өрт депосу;

2) II - шаардык калктуу конуштарын коргоо үчүн 2, 4 жана 6 автомобилге өрт депосу;

3) III - уюмдарды коргоо үчүн 6, 8,10 жана 12 автомобилге өрт депосу;

4) IV - уюмдарды коргоо үчүн 2, 4 жана 6 автомобилге өрт делосу;

5) V - айылдык калктуу конуштарды коргоо үчүн 1, 2, 3 жана 4 автомобилге өрт депосу.

2. Өрт депосунун I жана III типтеги имараттары аларда калктуу конуштун же уюмдун аймагынан орун алган өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын бөлүмдөрү жайгашкан учурда долбоорлонот.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-34)
