Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
32-берене. Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин функционалдык өрт коркунуч классы боюнча классификациялоо
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Имараттар (курулмалар, өрт отсектери жана имараттардын бөлүктөрү - жайлар же функционалдык жактан өз ара байланышкан жайлардын топтору) функционалдык өрт коркунуч классы боюнча арналышына, жылына, физикалык абалына жана имараттагы адамдардын санына, алардын уктоо абалында болуу мүмкүнчүлүгүнө жараша төмөнкүдөй бөлүнөт:
1) "Ф 1" - адамдардын туруктуу жашоосу жана убактылуу болуусу үчүн имараттар, анын ичинде:
а) "Ф 1.1" - мектепке чейинки билим берүүчү мекемелеринин, карылардын жана майыптардын адистешкен үйлөрүнүн (квартиралуу эмес) имараттары, ооруканалар, интернат тибиндеги билим берүүчү мекемелердин жана балдар мекемелеринин уктоочу корпустары;
б) "Ф 1.2" - мейманканалар, жатаканалар, санаторийлер жана жалпы типтеги эс алуу үйлөрүнүн, кемпингдердин, мотелдердин жана пансионаттардын уктоочу корпустары;
в) "Ф 1.3" - көп квартиралуу турак үйлөр;
г) "Ф 1.4" - бир квартиралуу, анын ичинде тосмолонгон турак үйлөр;
2) "Ф 2" - оюн-зоок жана маданий-агартуу мекемелеринин имараттары, анын ичинде:
а) "Ф 2.1" - театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар, клубдар, цирктер, трибунасы менен спорттук курулмалар, китепканалар жана жабык жайларга келүүчүлөр үчүн эсептелген сандагы отуруучу орундары бар башка мекемелер;
б) "Ф 2.2" - музейлер, көргөзмөлөр, бий залдары жана ушул сыяктуу жабык жайлардагы мекемелер;
в) "Ф 2.3" - "Ф 2.1"де көрсөтүлгөн мекемелердин ачык асман астындагы имараттары;
г) "Ф 2.4" - "Ф 2.2"де көрсөтүлгөн мекемелердин ачык асман астындагы имараттары;
3) "Ф 3" - калкты тейлөө боюнча ишканалардын имараттары, анын ичинде:
а) "Ф 3.1" - соода ишканаларынын имараттары;
б) "Ф 3.2" - коомдук тамактануу ишканаларынын имараттары;
в) "Ф 3.3" - вокзалдар;
г) "Ф 3.4" - поликлиникалар жана амбулаториялар;
д) "Ф 3.5" - турмуш-тиричилик жана коммуналдык тейлөө ишканаларынын келип-кетүүчүлөр үчүн эсепке алынбаган сандагы отуруу орундары бар келип-кетүүчүлөр үчүн жайлар;
е) "Ф 3.6" - көрүүчүлөр үчүн трибуналары жок дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстери жана спорттук-машыктыруу мекемелери, турмуш-тиричиликтик жайлары, мончолор;
4) "Ф 4" - илимий жана билим берүү уюмдарынын, долбоорлоо уюмдарынын, башкаруу органдарынын мекемелеринин имараттары, анын ичинде:
а) "Ф 4.1" - жалпы билим берүү мекемелери, балдарга кошумча билим берүү мекемелери, кесиптик баштапкы жана кесиптик орто билим берүү мекемелери;
б) "Ф 4.2" - кесиптик жогорку билим берүү жана адистерге кесиптик кошумча билим берүү (квалификацияларын жогорулатуу) мекемелери;
в) "Ф 4.3" - башкаруу органдарынын мекемелери, долбоорлоо-конструктордук уюмдары, маалымат жана редакциялык-басма уюмдары, илимий уюмдар, банктар, конторалар, офистер;
г) "Ф 4.4" - өрт деполору;
5) "Ф 5" - өндүрүштүк же кампа арналышындагы имараттар, анын ичинде:
а) "Ф 5.1" - өндүрүштүк имараттар жана курулмалар, өндүрүштүк жана лабораториялык жайлар, устаканалар;
б) "Ф 5.2" - кампа имараттары жана курулмалары, техникалык тейлөө жана оңдоосуз автомобилдер токтоочу жайлар, китеп сакталуучу жайлар, архивдер, кампа жайлары;
в) "Ф 5.3" - айыл чарбалык арналыштагы имараттар.
2. Өндүрүштүк жана кампа жайлары, анын ичинде "Ф 1" - "Ф 4" класстарындагы имараттардагы лабораториялар жана устаканалар "Ф 5" классына кирет.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-32" title="32-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>