# 27-берене. Имараттардын, курулмалардын жана жайлардын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча категориялары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 27-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-27

---

1. Имараттардын, курулмалардын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча категориялары ошол имараттагы, курулмадагы тигил же бул коркунуч категориясындагы жайлардын үлүшүнө жана жалпы аянтына негизденип аныкталат.

Имараттардын, курулмалардын жана өндүрүштүк жана кампалык арналыштагы жайлардын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча категориялары капиталдык курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин долбоордук документтеринде көрсөтүлөт.

2. Имараттардын, курулмалардын жана жайлардын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча категориясы аппараттарда жана жайларда жайгашкан күйүүчү заттар менен материалдардын түрүнө, алардын санына жана өрт коркунучунун касиетине, ошондой эле жайлардын көлөмдүк-пландоо чечимдерине жана анда жүргүзүлүп жаткан технологиялык процесстердин мүнөздөмөсүнө жараша курулуш ченемдери жана эрежелери, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат.

3. Имараттардын, курулмалардын жана жайлардын категорияларын аныктоо алардын кыйла коркунучтуу "А" категориясынан коркунучтуулугу кыйла төмөн "Д" категориясына таандуулугун ырааттуу текшерүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

Имараттарды, курулмаларды жана жайларды "В1", "В2", "ВЗ" же "В4" категорияларына киргизүү аларда өрт оорчулугунун өлчөмүнө жана жайгаштыруу ыкмасына, ошондой эле аны түзүүчү заттардын жана материалдардын өрт коркунучтуу касиетине жараша жүзөгө ашырылат.

4. Өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча өндүрүш жана кампалык арналыштагы имараттар, курулмалар жана жайлар функционалдык арналышына карабастан төмөнкү категорияларга бөлүнөт:

1) "А" - жогорку жарылуу өрт коркунучу;

2) "Б" - жарылуу өрт коркунучу;

3) "В1 - В4" өрт коркунучу;

4) "Г" - орточо өрт коркунучу;

5) "Д" - төмөндөтүлгөн өрт коркунучу.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-28)
