# 25-берене. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун категорияларын аныктоо

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 25-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-25

---

1. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун категориялары орнотмолордогу күйүүчү заттар менен материалдардын өрт коркунучунун касиеттерине, санына жана технологиялык процесстердин өзгөчөлүктөрүнө негизденип аныкталат.

2. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун категориялары белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат.

3. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун категорияларын аныктоо алардын кыйла коркунучтуу "Ан" категориясынан коркунучтуулугу кыйла төмөн "Дн" категориясына таандуулугун ырааттуу текшерүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

4. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолор төмөнкү категорияларга бөлүнөт:

1) жогорку жарылуу өрт коркунучу (Ан);

2) жарылуу өрт коркунучу (Бн);

3) өрт коркунучу (Вн);

4) орточо өрт коркунучу (Гн);

5) төмөндөтүлгөн өрт коркунучу (Дн).

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-26)
