# 23-берене. Жарылуудан корголгон электр жабдууларын классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 23-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-23

---

1. Жарылуудан корголгон электр жабдуулары жарылуудан коргоо деңгээли, жарылуудан коргоо түрлөрү, топтору жана температуралык класстары боюнча классификацияланат.

2. Жарылуудан корголгон электр жабдуулары жарылуудан коргоо деңгээли боюнча төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:

1) өзгөчө жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары (деңгээли - 0);

2) жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары (деңгээли - 1);

3) жарылууга каршы жогорку бекемдиктеги электр жабдуулары (деңгээли - 2).

3. Жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары - жарылуудан коргоонун кошумча каражаттары менен жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары.

Жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары жарылуудан коргоо каражаттарынын бузулуусун кошпогондо, иштин демейки режиминде да, бузулууда да жарылуудан коргоону камсыз кылат. Жарылууга каршы жогорку бекемдиктеги электр жабдуулары иштин демейки режиминде гана жарылуудан коргоону камсыз кылат (авария жана бузулуулар болбогондо).

4. Жарылуудан корголгон электр жабдууларынын температуралык классы, тобу (кичи тобу), жарылуудан коргоонун деңгээли, түрү боюнча көрсөткүчтөрү, ошондой эле электр жабдууларды маркалоо электр орнотмолорунун түзүлүш эрежелери менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-24)
