23-берене. Жарылуудан корголгон электр жабдууларын классификациялоо
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Жарылуудан корголгон электр жабдуулары жарылуудан коргоо деңгээли, жарылуудан коргоо түрлөрү, топтору жана температуралык класстары боюнча классификацияланат.
2. Жарылуудан корголгон электр жабдуулары жарылуудан коргоо деңгээли боюнча төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
1) өзгөчө жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары (деңгээли - 0);
2) жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары (деңгээли - 1);
3) жарылууга каршы жогорку бекемдиктеги электр жабдуулары (деңгээли - 2).
3. Жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары - жарылуудан коргоонун кошумча каражаттары менен жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары.
Жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары жарылуудан коргоо каражаттарынын бузулуусун кошпогондо, иштин демейки режиминде да, бузулууда да жарылуудан коргоону камсыз кылат. Жарылууга каршы жогорку бекемдиктеги электр жабдуулары иштин демейки режиминде гана жарылуудан коргоону камсыз кылат (авария жана бузулуулар болбогондо).
4. Жарылуудан корголгон электр жабдууларынын температуралык классы, тобу (кичи тобу), жарылуудан коргоонун деңгээли, түрү боюнча көрсөткүчтөрү, ошондой эле электр жабдууларды маркалоо электр орнотмолорунун түзүлүш эрежелери менен аныкталат.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-23" title="23-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>