# 21-берене. Электр жабдууларын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 21-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-21

---

1. Өрт жана жарылуу өрт коркунучунун даражасына жараша электр жабдуулары төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:

1) жарылуу өрттөн коргоо каражаттары жок электр жабдуулары;

2) өрттөн корголгон электр жабдуулары (өрт коркунучу бар зоналар үчүн);

3) жарылуудан корголгон электр жабдуулары (жарылуу коркунучу бар зоналар үчүн).

2. Электр жабдууларынын өрт жана жарылуу өрт коркунучунун даражасы деп электр жабдууларынын ичинде тутануу булагы чыккан коркунуч жана (же) тутануу булагынын электр жабдууларынын айланасындагы күйүүчү чөйрөгө таасир этүү коркунучу түшүнүлөт.

Жарылуу өрттөн коргоо каражаттары жок электр жабдуулары өрттөн жана жарылуудан сактоо деңгээли боюнча классификацияланбайт.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-22)
