2-берене. Негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) авариялык чыгуучу жер - эвакуация жолуна түздөн-түз сыртка же коопсуз зонага алып баруучу чыгуучу жер (эшик, люк, терезе) жана ал адамдарды куткаруу үчүн кошумча чыгуучу жер катары колдонулат, бирок өрт болгондо адамдарды коопсуз эвакуациялоо шарттарына зарыл сандагы жана өлчөмдөгү эвакуация жолдорунун жана чыгуучу жерлердин ылайыктуулугун баалоодо эсепке алынбайт;
2) коопсуз зона - адамдар өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасирлеринен корголгон же өрттүн коркунучтуу факторлору жок зона;
3) жарылуу - чөйрөгө энергиянын бөлүнүп чыгышы жана кысылган газдардын пайда болушу менен коштолгон химиялык тез айлануу;
4) жарылууга коркунучтуу аралашма - аба менен күйүүчү газдардын, оңой жалындоочу суюктуктардын, күйүүчү чаң же буланын абада тең салмак абалга кыймылсыз бөлүштүрүлгөн абалга өткөндө от алуунун төмөнкү концентрациялык чеги 65 г/куб.м чейин жеткен аралашмасы, ал белгилүү концентрацияда жана жарылууга түрткү берүүчү булак пайда болгондо жарылууга жөндөмдүү;
5) коргоо объектинин жарылуу - өрт коркунучу - коргоо объектинин жарылуу пайда болуу жана өрттүн өнүгүү ыктымалдыгы менен мүнөздөлгөн абалы;
6) күйүүчү чөйрө - тутануу булагынын таасиринен от чыгып кетүүгө жөндөмдүү чөйрө;
7) тутануу булагы - күйүүнүн келип чыгышына түрткү болуучу энергиялык таасир этүүчү каражат;
8) имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструктивдүү өрт коркунучунун классы - имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин өрттүн күчөшүнө жана өрттүн коркунучтуу факторлорунун пайда болушуна курулуш конструкцияларынын катыш деңгээли менен аныкталуучу классификациялык мүнөздөмөсү;
9) имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин функционалдык өрт коркунучунун классы - имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин арналышы жана эксплуатациялоонун өзгөчөлүктөрү, анын ичинде аларда жүрүүчү өндүрүштүн технологиялык процесстеринин өзгөчөлүктөрү менен аныкталуучу классификациялык мүнөздөмөсү;
10) сырткы орнотмо - имараттардан сырткары жайгашкан аппараттардын жана технологиялык жабдуулардын комплекси;
11) эвакуацияга зарыл убакыт - өрт чыккан учурдан тартып өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринин натыйжасында өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирбестен адамдардын коркунучсуз зонага эвакуацияланууга тийиш болгон убактысы;
12) коргоо объекти - аларга карата өрт коопсуздугунун талаптары белгиленген же белгиленүүгө тийиш болгон жеке жана юридикалык жактардын мүлкү, мамлекеттик же муниципалдык мүлк (аймакты, имараттарды, курулмаларды, транспорт каражаттарын, технологиялык түзүлүштөрдү, жабдууларды, агрегаттарды, буюмдарды жана башка мүлктөрдү кошкондо);
13) кычкылдандыргычтар - алардын күйүүсүн пайда кылуучу, ошондой эле анын ургалдуулугун көбөйтүүчү күйүүчү заттар менен реакцияга кирүү жөндөмүнө ээ болгон заттар менен материалдар;
14) өрттүн коркунучтуу факторлору - алардын таасири адамдын жаракат алышына, ууланышына же өлүмүнө жана (же) материалдык зыянга алып келиши мүмкүн болгон өрт факторлору;
15) жарылуунун коркунучтуу факторлору - алардын таасири объекттердин (курулуштардын) бузулушуна (кыйрашына), адамдардын жаракат алышына, өлүмүнө жана (же) материалдык зыянга алып келиши мүмкүн болгон жарылуу факторлору;
16) өрттүн очогу - өрттүн алгачкы чыккан жери;
17) өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары - өрттүн алгачкы стадиясында өрт өчүрүү үчүн пайдаланылуучу өрт өчүрүүнүн алып жүрмө же көчмө каражаттары;
18) өрт - материалдык зыян, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына залал келтирүүчү контролдонбоочу күйүү;
19) өрт маалымдагыч - өрт жөнүндө белги берүүгө арналган техникалык каражат;
20) өрт кабарлагыч - адамдарга өрт жөнүндө кабар берүүгө арналган техникалык каражат;
21) коргоо объектинин өрт коркунучтуулугу - коргоо объектинде өрт чыгуу жана өрттүн күчөө мүмкүнчүлүгү, ошондой эле адамдарга жана материалдык баалуулуктарга өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасир тийгизүүсү менен мүнөздөлгөн абалы;
22) заттар менен материалдардын өрт коркунучтуулугу - заттар менен материалдардын күйүүсүнүн же жарылуусунун чыгуу коркунучу;
23) коргоо объектинин өрт коопсуздугу - өрттүн келип чыгуусун жана күчөөсүн болтурбоо, ошондой эле өрттүн коркунучтуу факторлорунун адамдарга жана материалдардын баалуулуктарга таасир тийгизүүсүнүн мүмкүнчүлүгү менен мүнөздөлгөн коргоо объектинин абалы;
24) өрт депосу - өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл өрт техникасын сактоо жана аны техникалык тейлөө үчүн жайлар, жеке курамды жайгаштыруу үчүн кызмат жайлары, өрт жөнүндө кабарларды кабыл алуу үчүн жай, техникалык жана көмөкчү жайлар жайгашкан өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдарынын объекти;
25) өрт отсеги - өрткө каршы дубал жана өрткө каршы калканч же өрткө туруктуулук чеги бар жабуу менен бөлүнгөн, өрттүн узактыгынын ичинде өрттүн анын чегинен тышкары таралып кетпешин камсыз кылуучу имараттын (курулманын) бөлүгү;
26) заттар менен материалдардын орт-жарылуу коркунучу - заттар менен материалдардын алардын физикалык-химиялык касиеттери жана (же) өрт шартындагы аракеттери менен мүнөздөлгөн, күйүүчү (өрттөнүү коркунучу же жарылуу коркунучу бар) чөйрөнү пайда кылуу жөндөмдүүлүгү;
27) өрт коркунучу (жарылуу коркунучу) бар зона - туюк же ачык мейкиндиктин бөлүгү, анын чектеринде күйүүчү заттар (жарылууга кооптуу аралашмалар) дайыма же мезгил-мезгили менен өтүп турат жана алар мында технологиялык процесстин нормалдуу же өрттүн келип чыгышына өтө кооптуу бузулуу (авария) режиминде болушу мүмкүн;
28) өрт-техникалык изилдөө - өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулушун табуу жана аларды жоюу боюнча чараларды көрүү максатында жүргүзүлүүчү изилдөө;
29) долбоордук документтерди өрт-техникалык экспертизалоо - тиешелүү корутунду берүү менен долбоорлоодо ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузууларды (четтөөлөрдү) болтурбоо максаттарында коргоо объекттеринин долбоордук документтерин карап чыгуу жана макулдашуу;
30) өрт автоматикасын башкаруу прибору - өрт өчүрүүнүн жана (же) түтүндү жок кылуунун жана (же) кабарлоонун автоматтык каражаттарын башкаруу жана (же) башка түзүлүштөр менен сигналдарды берүү үчүн арналган техникалык каражат;
31) өрт автоматикасынын кабыл алуучу-контролдоочу прибору – өрт кабарлагычтарынан сигналдарды кабыл алуу, өрт сигналдарынын шлейфинин бүтүндүгүн, окуялардын жарык индикациясын жана үн сигналын, өрт автоматикасын башкаруу приборун иштетүүнүн баштапкы импульсун калыптандырууну жүзөгө ашыруу үчү арналган техникалык каражат;
32) конструкциянын отко туруктуулук чеги - өрт таасири башталгандан тартып ал конструкция үчүн отко туруктуулугу боюнча четки абалдар үчүн ченемделгендин ичинен бири болгонго чейинки убакыт;
33) өндүрүш объекттери - өнөр жайлык жана айыл чарбалык арналыштагы объекттер, анын ичинде кампалар, инженердик жана транспорт инфратүзүмүнүн (темир жол, автомобиль, аба жана өткөрмө түтүк транспорту), байланыш объекттери;
34) өрткө каршы бөгөт - өрткө туруктуулуктун ченемделген чеги жана өрт коопсуздугунун конструкциялык классы бар курулуш конструкциясы, имараттын (курулманын) бир бөлүгүнөн башка бөлүгүнө же имараттардын (курулмалардын, бак-дарактардын) ортосунан өрттүн таралуусун болтурбоо үчүн арналган имараттын көлөмдүк элементи же башка инженердик чечим;
35) өрткө каршы ажырым (өрткө каршы аралык) - имараттардын жана (же) курулмалардын ортосундагы өрттүн таралышын болтурбоо үчүн белгиленген ченемделүүчү аралык;
36) өрткө каршы коргонуунун автоматтык тутумдары - өрт чыкканда адамдарга өз убагында кабарлоо, адамдарды эвакуациялоону, эвакуациялык жолдорду жана жайларды түтүндөн коргоону, өрттү табууну жана өчүрүүнү башкаруу үчүн арналган техникалык орнотмолордун, тутумдардын, приборлордун жана жабдуулардын жыйындысы;
37) өрт жөнүндө кабарлоолорду берүү тутуму - кайтарылуучу объекттеги өрт жөнүндө маалымдоолорду борборлоштурулган байкоо пунктунда байланыш жана кабыл алуу каналдары боюнча кызматтык жана контролдук-диагностикалык маалымдоолорду берүү үчүн, ошондой эле телебашкаруунун командаларын берүү жана кабыл алуу үчүн (кайра берүү каналы болгондо) арналган биргелешип иштөөчү техникалык каражаттардын жыйындысы;
38) өрт сигналдарынын тутуму - бир объектке орнотулган жана жалпы өрт постунан контролдонуучу өрт сигналдарынын орнотмолорунун жыйындысы;
39) өрттү болтурбоо тутуму - коргоо объектинде өрттүн чыгуусунун мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттардын комплекси;
40) өрткө каршы коргонуу тутуму - адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоого жана (же) коргоо объектине алардын тийгизген таасиринин кесепеттерин чектөөгө багытталган уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттардын комплекси;
41) түтүнгө каршы коргонуу тутуму - өрттө имараттарды жана курулмаларды түтүн басуу коркунучун, ошондой эле анын кооптуу факторлорунун адамдарга жана материалдык баалуулуктарга таасир тийгизүүсүн болтурбоого же чектөөгө багытталган уюштуруу иш-чараларынын, көлөмдүк-пландаштыруучу чечимдердин, инженердик тутумдардын жана техникалык каражаттардын комплекси;
42) курулма - тиреп туруучулардан, ал эми айрым учурларда тосмо конструкциялардан да турган жана ар түрдүү өндүрүштүк процесстерди аткаруу, материалдарды, буюмдарды, жабдууларды сактоо, адамдардын убактылуу болуусу, адамдардын, жүктөрдүн ж.б.у.с. орун которуу үчүн арналган көлөмдүү, жалпак же узунунан кеткен, жердеги, жер үстүндөгү же жер астындагы курулуш тутуму;
43) имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулугунун даражасы - имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин колдонулуучу курулуш конструкцияларынын отко туруктуулугунун чектерин аныктоочу классификациялык мүнөздөмө;
44) кабарлоо жана эвакуацияны башкаруунун техникалык каражаттары - өрт жөнүндө адамдарга кабарлоо үчүн арналган техникалык каражаттардын (кабарлоочулар, өрт кабарлоочулары тарабынан башкарылуучу приборлор) жыйындысы;
45) технологиялык чөйрө - технологиялык аппараттарда (технологиялык тутумда) жүгүртүлүүчү заттар менен материалдар;
46) өрттө коргоо объектинин туруктуулугу - коргоо объектинин өрттүн коркунучтуу факторлорунун жана алардын экинчи кубулуштарынын таасиринде конструкциялык бүтүндүктү жана (же) функционалдык арналышын сактап калуу касиети;
47) өрт сигнализациясын орнотуу - өрттү табуу, өрт жөнүндө кабарды берилген түрдө иштеп чыгуу, берүү жана өрт өчүрүүнүн жана түтүндү басуунун автоматтык орнотмолорун, технологиялык жана инженердик жабдууларды, ошондой эле өрткө каршы коргоонун башка түзүлүштөрүн иштетүүгө атайын маалымат жана (же) команда берүү үчүн арналган техникалык каражаттардын жыйындысы;
48) эвакуация - өрттүн коркунучтуу факторлорунун аларга таасир тийгизүүсүнүн мүмкүнчүлүгү болгон жайлардан адамдарды тышка же коопсуз зонага уюштурулган өз алдынча (өз алдынча эмес) кыймылынын (орун которуусунун) процесси;
49) эвакуациялоо жолу (эвакуациялык жол) - адамдардын өрттө түздөн түз тышка же коопсуз зонага алып барган кыймылынын жана (же) орун которуусунун жолу;
50) эвакуациялык чыгуучу жер - эвакуациянын түздөн түз тышка же коопсуз зонага алып баруучу жолуна чыгуучу жер;
51) байланыш кызматы - өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдарынын мамлекеттик өрткө каршы кызматынын (мындан ары - МӨК) бөлүмдөрүнүн тутуму, ошондой эле өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдарындагы байланышты камсыз кылуу, байланыш каражаттарын натыйжалуу комплекстүү колдонуу жана башкаруу органдарында жана бөлүмдөрүндө ал каражаттарды квалификациялуу техникалык эксплуатациялоо боюнча иштин түрү;
52) байланыш - Кыргыз Республикасынын аймагында МӨК тутумундагы башкарууну камсыз кылуучу бирдиктүү уюштуруучулук-техникалык комплекс катары иштеген байланыш тармактарынын жана кызматтарынын жыйындысы;
53) байланыш каражаттары - маалыматты жыйноо, иштетүү, топтоо жана бөлүштүрүү процессин камсыз кылуу үчүн техникалык база.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-2" title="2-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>