# 19-берене. Жарылуу коркунучу бар зоналарды классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 19-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-19

---

1. Жарылууга коркунучтуу аралашмалардын болушунун жыштыгына жана узактыгына жараша жарылуу коркунучу бар зоналар төмөнкү класстарга бөлүнөт:

0 класс - жарылууга коркунучтуу газ аралашмасы дайыма же бир саат бою бар болуучу зоналар; 1 класс - жабдуулар иштин демейки режимдеринде иштегенде ысык газдар же аба менен жарылуу коркунучу бар аралашмаларды түзгөн оңой от алуучу суюктуктардын буулары бөлүнүп чыкккан жайларда жайгашкан зоналар; 2 класс - жабдуулар иштин демейки режимдеринде иштегенде күйүүчү газдардын же тез от алуучу суюктуктардын бууларынын аба менен жарылуу коркунучу бар аралашмаларды түзүлбөйт, ал эми технологиялык жабдуулардын авариясынын же оң болбоосунун натыйжасында гана пайда болуучу жайларда жайгашкан зоналар; 3 класс - күйүүчү чаңдын аба менен болгон жарылууга коркунучтуу аралашмасынын төмөнкү концентрациядагы жалындоо чеги абанын көлөмүнө 65 г/м3 аз болгон жана дайыма болуучу зоналар; 4 класс - жабдуулар иштин демейки режимдеринде иштегенде абада тең салмак абалга өтүүчү жана 65 г/м3 жана андан аз концентрацияда аба менен жарылууга коркунучтуу аралашмаларды түзүүгө жөндөмдүү күйүүчү чаңдар же булалар бөлүнүп чыгуучу жайларда жайгашкан зоналар; 5 класс - жабдуулар иштин демейки режимдеринде иштегенде 65 г/м3 жана андан аз концентрацияда аба менен күйүүчү чаңдардын же буларлардын жарылууга коркунучтуу аралашмалары түзүлбөй, бирок күйүүчү чаңдардын же булалардын жарылуу коркунучу бар мындай аралашмаларынын технологиялык жабдуунун аварияга учурашынын же оң эместигинин гана натыйжасында түзүлүшү мүмкүн болуучу жайларда жайгашкан зоналар.

2. Жарылуу коркунучу бар зоналардын көрсөткүчтөрүн классификациялоо электр түзүлүштөрдүн түзүлүш эрежелери менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-20)
