# 18-берене. Өрт коркунучу бар зоналарды классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 18-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-18

---

1. Жайлардын ичинде жана сыртында жайгаштырылуучу, алардын чегинде дайыма же маал-маалы менен күйүүчү (өрттөнүүчү) заттар жүгүртүлгөн жана нормалдуу технологиялык процессте же анын бузулушунда орун алышы мүмкүн электр орнотмолорунун колдонуу жаатын аныктоо максатында өрт коркунучу бар зоналарды классификациялоо белгиленет.

Объекти өрт коркунучу бар зоналардын классына киргизүү жана өрт коркунучу бар зоналардын чек араларын аныктоо долбоордук документтерге ылайык, ал эми эксплуатациялануучу объекттер боюнча - объекттин менчик ээси тарабынан жүргүзүлөт. Өрт коркунучу бар зоналар төмөнкү класстарга бөлүнөт:

- "П-I" классындагы өрт коркунучу бар зона - от алуу температурасы +61ºС жогору күйүүчү суюктуктар бар жайлардагы мейкиндик;

- "П-II" классындагы өрт коркунучу бар зона - күйүүчү чаң же була топтолушу жана бөлүнүп чыгышы мүмкүн болгон жайлардагы мейкиндик;

- "П-IIa" классындагы өрт коркунучу бар зона - күйүүчү катуу заттар менен материалдар бар жайлардагы мейкиндик;

-"П-III" классындагы өрт коркунучу бар зона - от алуу температурасы 61ºС жогору күйүүчү суюктуктар же күйүүчү катуу заттар бар жайлардан сырткары мейкиндик. Күйүүчү заттар болгон аппараттан туурасынан жана тикесинен 5 метрге чейинки жайлардагы же алардын чегинен сырткары, бирок технологиялык процесс ачык отту, ысыган бөлүктөрдү колдонуу менен жүргүзүлгөн зоналар же ысык буулардын, чаңдын же булалардын өзүнөн өзү күйүп кетүүчү температурага чейин ысытылган сырты бар технологиялык аппараттар алардын электр жабдуулар бөлүгүндө өрткө коркунучтуу зоналарга таандык болбойт.

2. Өрт коркунучу бар зоналарды классификациялоо электр орнотмолорунун түзүлүшүнүн эрежелерине ылайык классификациялык көрсөткүчтөргө жараша белгиленет.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-19)
