# 16-берене. Технологиялык чөйрөлөрдү жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 16-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-16

---

1. Технологиялык чөйрөлөр жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча төмөнкү топторго бөлүнөт:

1) өрт коркунучу бар;

2) жарылуу-өрт коркунучу бар;

3) жарылуу коркунучу бар;

4) өрт коркунучу жок.

2. Эгерде күйүүчү чөйрөнүн түзүлүшү, ошондой эле өрттүн чыгышы үчүн жетишээрлик кубаттуулуктагы тутануу булагынын пайда болушу мүмкүн болсо чөйрө өрт коркунучу бар чөйрөгө кирет.

3. Эгерде кычкылдандыргычтын күйүүчү газдар, буулар, чаңдар жана аэрозолдор менен түзүлүп, тутануу булагынын пайда болушу жарылууга жана (же) өрткө алып келүүчү аралашмаларынын пайда болушу мүмкүн болсо чөйрө өрт жарылуу-коркунучу бар чөйрөгө кирет.

4. Эгерде абанын күйүүчү газдар, буулар, тез жалындоочу суюктуктар жана күйүүчү суюктуктар, күйүүчү аэрозолдор, чаңдар жана булалар менен аралашмасынын пайда болушу мүмкүн болсо, ошондой эле күйүүчү заттар менен болгон белгилүү концентрациясында жана жардыруу булагы пайда болгондо жарылууга жөндөмдүү чөйрө жарылуу коркунучу бар чөйрөгө кирет.

5. Күйүүчү чөйрөсү жана кычкылдандыргычы болбогон мейкиндик өрт коопсуз чөйрөгө кирет.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-17)
