16-берене. Технологиялык чөйрөлөрдү жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча классификациялоо
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Технологиялык чөйрөлөр жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча төмөнкү топторго бөлүнөт:
1) өрт коркунучу бар;
2) жарылуу-өрт коркунучу бар;
3) жарылуу коркунучу бар;
4) өрт коркунучу жок.
2. Эгерде күйүүчү чөйрөнүн түзүлүшү, ошондой эле өрттүн чыгышы үчүн жетишээрлик кубаттуулуктагы тутануу булагынын пайда болушу мүмкүн болсо чөйрө өрт коркунучу бар чөйрөгө кирет.
3. Эгерде кычкылдандыргычтын күйүүчү газдар, буулар, чаңдар жана аэрозолдор менен түзүлүп, тутануу булагынын пайда болушу жарылууга жана (же) өрткө алып келүүчү аралашмаларынын пайда болушу мүмкүн болсо чөйрө өрт жарылуу-коркунучу бар чөйрөгө кирет.
4. Эгерде абанын күйүүчү газдар, буулар, тез жалындоочу суюктуктар жана күйүүчү суюктуктар, күйүүчү аэрозолдор, чаңдар жана булалар менен аралашмасынын пайда болушу мүмкүн болсо, ошондой эле күйүүчү заттар менен болгон белгилүү концентрациясында жана жардыруу булагы пайда болгондо жарылууга жөндөмдүү чөйрө жарылуу коркунучу бар чөйрөгө кирет.
5. Күйүүчү чөйрөсү жана кычкылдандыргычы болбогон мейкиндик өрт коопсуз чөйрөгө кирет.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-16" title="16-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>