# 125-берене. Өрт коопсуздугунун талаптарын сактоого мамлекеттик өрт көзөмөлү

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 125-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-125

---

1. Өрт коопсуздугун сактоого мамлекеттик өрт көзөмөлү, ушул Мыйзамдын жана өрт коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын, улуттук стандарттардын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарынын менчиктик түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар, чарба жүргүзүү объекттери тарабынан аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик өрт көзөмөлү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) коргоо объектин куруу, багытын кайра өзгөртүү, кайра пландоо, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо, техникалык кайра жабдуу жана функционалдык арналышын өзгөртүү стадиясында алардын ушул Мыйзамга, өрт коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга, улуттук стандарттарга, курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык келүүсүн аныктоо жолу менен, ошондой эле долбоордук документтерди макулдашуу боюнча корутундуларда жана талап каттарда баяндалган чараларды аткаруу жолу менен. Мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүргүзүүдө курулуш объекттерин долбоорлоо документтери инспекцияланат.

2) коргоо объекттерин эксплуатациялоонун (турак жай фондун, анын ичинде дачалык багбанчылык бирикмелерин кошпогондо), ошондой эле аларды өрт коопсуздугуна жана ишке жөндөмдүү абалга келтирүү боюнча чараларды көрүү менен өрт-техникалык текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен өрт коопсуздугун камсыз кылуунун автоматтык тутумдарын эксплуатациялоонун стадиясында. Өрткө каршы коргоонун автоматтык тутумдары эксплуатацияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте кабыл алынат.

3. Ушул Мыйзамда, өрт коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларында белгиленген ченемдерди бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жана администрациялык жоопкерчиликке алып келет.

4. Өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо үчүн төмөнкүлөр жоопкерчилик тартышат:

1) долбоорлоодо - объектти түздөн түз долбоорлогон адамдар жана долбоорлоо уюму;

2) долбоорлоо документтерине мамлекеттик өрт-техникалык экспертизасын жүргүзүүдө - экспертиза жүргүзгөн адам жана экспертиза жүргүзгөн мамлекеттик органдын жетекчилиги;

3) курууда - курулуш уюму, архитектуралык-курулуш жана өрт көзөмөлүн жүзөгө ашырган мамлекеттик органдар жана бул көзөмөлдү түздөн түз жүзөгө ашыруучу адам;

4) эксплуатациялоодо - жеке жак, чарба жүргүзүүчү субъект, объектти эксплуатациялоочу адам, мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган жана бул көзөмөлдү түздөн түз жүзөгө ашыруучу адам.

---

Мурунку берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-124)  
Кийинки берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-126)
