# 122-берене. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун жана алардын өрт коопсуздугунун талаптарына ылайыктыгын аныктоонун негизги формалары жана усулдары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 122-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-122

---

Коргоо объекттеринин, продукциянын, долбоорлоо, өндүрүш, курулуш, монтаждоо, жөнгө салуу, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун негизги формалары жана усулдары жана алардын ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайыктыгын аныктоо төмөнкүлөр болуп саналат:

1) өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу;

2) экспертиза;

3) мамлекеттик өрт көзөмөлү;

4) объекттерди кабыл алуу жана эксплуатациялоого киргизүү;

5) өндүрүштүк контролдоо;

6) ылайыктуулугун ырастоо;

7) сыноо жана изилдөө;

8) өрт коопсуздугу жаатындагы иштердин айрым түрлөрүн лицензиялоо.

---

Мурунку берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-121)  
Кийинки берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-123)
