# 120-берене. Электр техникалык продукциянын өрт коопсуздугуна карата талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 120-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-120

---

1. Электр техникалык продукция тутандыруу булагы болбоого тийиш жана күйүүнүн анын чегинен сырткары таралуусун болтурбоого тийиш.

2. Электр техникалык продукцияга карата өрт коопсуздугунун талаптары алардын конструкциялык өзгөчөлүктөрүнө жана колдонуу жаатына негизденүү менен тиешелүү ченемдик укуктук актылар жана белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен белгиленет.

Электр техникалык продукцияда пайдаланылуучу конструкциянын элементтери жалындын, ысыган элементтердин, электр жааларынын, кошуучу бириктирүүлөрдөгү жана ток өткөрүүчү көпүрөчөлөрдөгү ысуунун таасирине туруктуу болууга тийиш (трекинг туруктуулук). Электр техникалык продукция иштин авариялык режимдеринде (чукул туташуу, ашыкча күч келүү) күйүүнүн келип чыгышына жана таралышына бөгөт коюуга тийиш. Электр техникалык продукциянын кабыгын күйүүнүн ошол кабыктын чегинен тышкары таралышынан коргоо даражасы продукциянын колдонуу жааты менен аныкталышы керек. Коргоо аппараттары иштин авариялык режимдери келип чыкканда күйүү пайда болгонго чейин электр тармагынын участкасын электр энергиясынын булагынан ажыратууга тийиш.

3. Электр техникалык продукциянын конкреттүү түрлөрүнө карата өрт коопсуздугунун талаптары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-119)  
Кийинки берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-121)
