120-берене. Электр техникалык продукциянын өрт коопсуздугуна карата талаптар
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 30-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Электр техникалык продукция тутандыруу булагы болбоого тийиш жана күйүүнүн анын чегинен сырткары таралуусун болтурбоого тийиш.
2. Электр техникалык продукцияга карата өрт коопсуздугунун талаптары алардын конструкциялык өзгөчөлүктөрүнө жана колдонуу жаатына негизденүү менен тиешелүү ченемдик укуктук актылар жана белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен белгиленет.
Электр техникалык продукцияда пайдаланылуучу конструкциянын элементтери жалындын, ысыган элементтердин, электр жааларынын, кошуучу бириктирүүлөрдөгү жана ток өткөрүүчү көпүрөчөлөрдөгү ысуунун таасирине туруктуу болууга тийиш (трекинг туруктуулук). Электр техникалык продукция иштин авариялык режимдеринде (чукул туташуу, ашыкча күч келүү) күйүүнүн келип чыгышына жана таралышына бөгөт коюуга тийиш. Электр техникалык продукциянын кабыгын күйүүнүн ошол кабыктын чегинен тышкары таралышынан коргоо даражасы продукциянын колдонуу жааты менен аныкталышы керек. Коргоо аппараттары иштин авариялык режимдери келип чыкканда күйүү пайда болгонго чейин электр тармагынын участкасын электр энергиясынын булагынан ажыратууга тийиш.
3. Электр техникалык продукциянын конкреттүү түрлөрүнө карата өрт коопсуздугунун талаптары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен белгиленет.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
120-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-120" title="120-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>