# 12-берене. Заттар менен материалдарды өрт коркунучу боюнча классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 12-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-12

---

1. Заттар менен материалдарды өрт коркунучу боюнча классификациялоо алардын өрттүн же жарылуунун коркунучтуу факторлорун пайда кылуу касиеттерине жана жөндөмдүүлүгүнө негизделет.

Күйгүчтүгү боюнча заттар менен материалдар (курулуш жана текстиль материалдарын кошпогондо) төмөнкү топторго бөлүнөт:

- күйбөөчү - абада күйүүгө жөндөмсүз заттар менен материалдар. Суу, абадагы кычкылтек же бири-бири менен өз ара аракеттенүүдө күйүүчү продуктуларды бөлүп чыгаруучу күйбөөчү заттар менен материалдар өрт-жарылуу коркунучтуу болушу мүмкүн;

- кыйындык менен күйүүчү - тутануу булагынын таасиринде абада күйүүгө жөндөмдүү, бирок аны четтеткенден кийин өз алдынча күйүүгө жөндөмсүз заттар менен материалдар;

- күйүүчү (күйүп кетүүчү) - өзүнөн өзү от алып кетүүгө, ошондой эле тутануу булагынын таасири астында тутанууга жана аны четтеткенден кийин өз алдынча күйүүгө жөндөмдүү заттар менен материалдар. Күйүүчү суюктуктар оңой жалындап кетүүчү жана өзгөчө коркунучтуу оңой жалындап кетүүчү деген топторго бөлүнөт, алардын буулары Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылар менен аныкталган төмөн температурада от алып кетет.

2. Заттар менен материалдардын күйгүчтүгүнүн топторун аныктоо белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-13)
