Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене. Заттар менен материалдарды өрт коркунучу боюнча классификациялоо
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Заттар менен материалдарды өрт коркунучу боюнча классификациялоо алардын өрттүн же жарылуунун коркунучтуу факторлорун пайда кылуу касиеттерине жана жөндөмдүүлүгүнө негизделет.
Күйгүчтүгү боюнча заттар менен материалдар (курулуш жана текстиль материалдарын кошпогондо) төмөнкү топторго бөлүнөт:
- күйбөөчү - абада күйүүгө жөндөмсүз заттар менен материалдар. Суу, абадагы кычкылтек же бири-бири менен өз ара аракеттенүүдө күйүүчү продуктуларды бөлүп чыгаруучу күйбөөчү заттар менен материалдар өрт-жарылуу коркунучтуу болушу мүмкүн;
- кыйындык менен күйүүчү - тутануу булагынын таасиринде абада күйүүгө жөндөмдүү, бирок аны четтеткенден кийин өз алдынча күйүүгө жөндөмсүз заттар менен материалдар;
- күйүүчү (күйүп кетүүчү) - өзүнөн өзү от алып кетүүгө, ошондой эле тутануу булагынын таасири астында тутанууга жана аны четтеткенден кийин өз алдынча күйүүгө жөндөмдүү заттар менен материалдар. Күйүүчү суюктуктар оңой жалындап кетүүчү жана өзгөчө коркунучтуу оңой жалындап кетүүчү деген топторго бөлүнөт, алардын буулары Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылар менен аныкталган төмөн температурада от алып кетет.
2. Заттар менен материалдардын күйгүчтүгүнүн топторун аныктоо белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-12" title="12-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>