# 118-берене. Лифттерге карата өрт коопсуздугунун талаптары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 118-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-118

---

1. Кыймылынын ылдамдыгы 1 м/сек жана андан ашык болгон автоматтык жылма эшиктери бар жүргүнчүлөр лифттеринин имараттын автоматтык өрт сигнализация тутумдарынан келген сигнал боюнча ишке киришүүчү жана кабинанын кыймылын жүккө жана багытка карабастан, анын негизги токтоочу аянтчасына кайтып келүүсүн, кабинанын жана шахтанын ачылышын жана эшиктердин ачылышын жана ачык абалда кармалып турушун камсыз кылган "өрт коркунучу" иш режими болууга тийиш.

Лифт шахталарындагы эшиктердин өрткө каршылыгы 2-типтен төмөн болбоого тийиш.

2. Бийиктиги 50 метрден жогору турак жай имараттарында өрт кызматынын бөлүмдөрүн ташууга арналган лифттер каралууга тийиш жана алардын коопсуздугун камсыз кылууга жана атайын талаптарга жооп берүүгө тийиш.

3. Лифт жабдууларына, түзүлүштөрүнө, отко туруктуулугуна, материалдарына, ошондой эле башкаруу, сигнализация, байланыш жана энергия менен камсыздоо тутумдарына карата талаптар тиешелүү ченемдик укуктук актылардын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына жооп берүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-119)
