118-берене. Лифттерге карата өрт коопсуздугунун талаптары
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 29-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Кыймылынын ылдамдыгы 1 м/сек жана андан ашык болгон автоматтык жылма эшиктери бар жүргүнчүлөр лифттеринин имараттын автоматтык өрт сигнализация тутумдарынан келген сигнал боюнча ишке киришүүчү жана кабинанын кыймылын жүккө жана багытка карабастан, анын негизги токтоочу аянтчасына кайтып келүүсүн, кабинанын жана шахтанын ачылышын жана эшиктердин ачылышын жана ачык абалда кармалып турушун камсыз кылган "өрт коркунучу" иш режими болууга тийиш.
Лифт шахталарындагы эшиктердин өрткө каршылыгы 2-типтен төмөн болбоого тийиш.
2. Бийиктиги 50 метрден жогору турак жай имараттарында өрт кызматынын бөлүмдөрүн ташууга арналган лифттер каралууга тийиш жана алардын коопсуздугун камсыз кылууга жана атайын талаптарга жооп берүүгө тийиш.
3. Лифт жабдууларына, түзүлүштөрүнө, отко туруктуулугуна, материалдарына, ошондой эле башкаруу, сигнализация, байланыш жана энергия менен камсыздоо тутумдарына карата талаптар тиешелүү ченемдик укуктук актылардын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
118-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-118" title="118-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>