# 117-берене. Таштанды чыгаруу тутумдарынын конструкцияларына жана жабдууларына карата өрт коопсуздугунун талаптары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 117-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-117

---

1. Таштанды чыгаруу тутумдарынын найлары күйбөй турган материалдардан жасалууга жана талап кылынган отко туруктуулук жана түтүн-газдын өтүшүнө каршылык көрсөтүү чектерин камсыз кылууга тийиш. Таштанды чыгаруу тутумунун найларынын конструкцияларынын курамына өрттө жарылуу менен бузулууга жөндөмдүү материалдарды колдонууга жол берилбейт.

2. Таштанды чыгаруучу найлардын жүктөөчү клапандары күйбөөчү материалдардан жасалууга жана түтүн-газдын өтүшүнө жол бербеген зарыл минимумдук маанилерин камсыз кылууга тийиш.

3. Таштанды чыгаруучу найлардын таштанды жыйналуучу камераларга орнотулуучу тосмолору өрттө өзү жабылуучу иштеткич менен жабдылууга тийиш. Мындай тосмолордун талап кылынган отко туруктуулук чектери таштанды чыгаруучу найлар үчүн белгиленгенден кем болбоого тийиш.

4. Таштанды жыйналуучу камера бардык аянты боюнча спринклердик суу түтүктөр менен корголгон болууга тийиш. Суу түтүктөрүнүн суу бөлүштүрүүчү участогу айланма түрдө болууга, имараттын чарбалык суу ичүү тутумуна кошулууга, суу түтүктөрүнүн сырты күйбөй турган, жылуулукту сактоочу материалдар менен капталууга тийиш. Камеранын эшиги жылууланган болууга тийиш.

---

Мурунку берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-116)  
Кийинки берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-118)
