# 116-берене. Желдетүү, кондиционерлөө жана түтүндөн коргоо тутумдарынын конструкцияларына жана жабдууларына карата өрт коопсуздугунун талаптары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 116-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-116

---

1. Ар түрдүү арналыштагы желдетүү тутумунун каналдарынын (анын ичинде аба өткөргүчтөр, коллекторлор, шахталар) конструкциялары отко туруктуу болууга жана газ өткөргүчтүгүнө карта талап кылынган тыгыздыктагы күйбөй турган материалдардан жасалууга тийиш. Желдетүү тутумдарынын каналдарынын бекитүү (илинүүчү) түйүндөрү жана алардын тосуучу курулуш конструкциялары менен кесилиштери бул каналдар үчүн талап кылынгандан төмөн эмес отко туруктуулук чектерине ээ болууга тийиш. Түтүнгө каршы желдетүүнүн тартуучу каналдары линиялык жылуулук кеңейүүлөрүнүн конпенсаторлору менен жабдылууга тийиш.

Өрткө каршы нормалдуу ачык клапандар автоматтык жана аралыктан башкарылуучу иштеткичтер менен жабдылууга тийиш. Мындай иштеткичтердин курамында жылуулукту сезгич элементтерди алмаштыргыч катары гана пайдалануу каралышы керек. Өрткө каршы нормалдуу жабык жана түтүн клапандары үчүн жылуулукту сезгич элементтери менен иштеткичти колдонууга жол берилбейт. Ар түрдүү типтеги өрткө каршы жана түтүн клапандарынын конструкцияларынын бири-бирине кыналуу тыгыздыгы түтүн-газдын өтүшүнө минималдуу зарыл каршылыкты камсыз кылууга тийиш. Табигый түрткүдөн иштөөчү тартуучу желдеткичтин түтүн люктарынын механикалык жүктөмдү (анын ичинде шамалдын жана кардын) жеңүүсү үчүн тартуу күчүн камсыз кылуучу автоматтык жана аралыктан башкарылуучу иштеткичтерди (жылуулук элементтери менен коштоо мүмкүндүгү менен) колдонуу керек. Имараттар менен курулмалардын түтүндөн коргоо системаларынын тартуучу желдеткичтери күйүүнүн жогорку температуралуу продуктуларынын орун которууларында адамдарды эвакуациялоо үчүн (эвакуация жолдорунда адамдарды коргоодо) зарыл болгон убакыт ичинде же өрттүн күчөө жана өчүрүү мезгилинде (адамдарды өрттөн коопсуз зоналарда коргоодо) иштөө жөндөмдүүлүгүн сактоого тийиш. Өрткө каршы түтүн-газ өткөрбөөчү эшиктер бири-бири менен кыналуу жерлеринде талап кылынган отко туруктуулук чектеринде түтүн-газдын өтүшүнө жол бербеген зарыл минимумдук маанисин камсыз кылуучу тыгыздоо түйүндөрү менен жабдылууга тийиш. Түтүнгө каршы экрандар (шторалар, тосмо көшөгөлөр) автоматтык жана аралыктан башкарылуучу иштеткичтер (жылуулук элементтерисиз) менен жабдылууга жана кызмат бөлүгүнүн чыгарылган узундугу өрт учурунда бөлмөдө пайда болуучу түтүн катмарынын калыңдыгынан кем болбогон күйбөй турган материалдардан жасалууга тийиш.

2. Желдетүү, кондиционерлөө жана түтүндөн коргоо тутумдарынын иш жүзүндөгү мааниси (анын ичинде отко туруктуулук чектери жана түтүн-газдын өтүшүнө каршылык көрсөтүүсү) тиешелүү ченемдик укуктук актылар, курулуш ченемдери жана эрежелери менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-115)  
Кийинки берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-117)
