116-берене. Желдетүү, кондиционерлөө жана түтүндөн коргоо тутумдарынын конструкцияларына жана жабдууларына карата өрт коопсуздугунун талаптары
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 29-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Ар түрдүү арналыштагы желдетүү тутумунун каналдарынын (анын ичинде аба өткөргүчтөр, коллекторлор, шахталар) конструкциялары отко туруктуу болууга жана газ өткөргүчтүгүнө карта талап кылынган тыгыздыктагы күйбөй турган материалдардан жасалууга тийиш. Желдетүү тутумдарынын каналдарынын бекитүү (илинүүчү) түйүндөрү жана алардын тосуучу курулуш конструкциялары менен кесилиштери бул каналдар үчүн талап кылынгандан төмөн эмес отко туруктуулук чектерине ээ болууга тийиш. Түтүнгө каршы желдетүүнүн тартуучу каналдары линиялык жылуулук кеңейүүлөрүнүн конпенсаторлору менен жабдылууга тийиш.
Өрткө каршы нормалдуу ачык клапандар автоматтык жана аралыктан башкарылуучу иштеткичтер менен жабдылууга тийиш. Мындай иштеткичтердин курамында жылуулукту сезгич элементтерди алмаштыргыч катары гана пайдалануу каралышы керек. Өрткө каршы нормалдуу жабык жана түтүн клапандары үчүн жылуулукту сезгич элементтери менен иштеткичти колдонууга жол берилбейт. Ар түрдүү типтеги өрткө каршы жана түтүн клапандарынын конструкцияларынын бири-бирине кыналуу тыгыздыгы түтүн-газдын өтүшүнө минималдуу зарыл каршылыкты камсыз кылууга тийиш. Табигый түрткүдөн иштөөчү тартуучу желдеткичтин түтүн люктарынын механикалык жүктөмдү (анын ичинде шамалдын жана кардын) жеңүүсү үчүн тартуу күчүн камсыз кылуучу автоматтык жана аралыктан башкарылуучу иштеткичтерди (жылуулук элементтери менен коштоо мүмкүндүгү менен) колдонуу керек. Имараттар менен курулмалардын түтүндөн коргоо системаларынын тартуучу желдеткичтери күйүүнүн жогорку температуралуу продуктуларынын орун которууларында адамдарды эвакуациялоо үчүн (эвакуация жолдорунда адамдарды коргоодо) зарыл болгон убакыт ичинде же өрттүн күчөө жана өчүрүү мезгилинде (адамдарды өрттөн коопсуз зоналарда коргоодо) иштөө жөндөмдүүлүгүн сактоого тийиш. Өрткө каршы түтүн-газ өткөрбөөчү эшиктер бири-бири менен кыналуу жерлеринде талап кылынган отко туруктуулук чектеринде түтүн-газдын өтүшүнө жол бербеген зарыл минимумдук маанисин камсыз кылуучу тыгыздоо түйүндөрү менен жабдылууга тийиш. Түтүнгө каршы экрандар (шторалар, тосмо көшөгөлөр) автоматтык жана аралыктан башкарылуучу иштеткичтер (жылуулук элементтерисиз) менен жабдылууга жана кызмат бөлүгүнүн чыгарылган узундугу өрт учурунда бөлмөдө пайда болуучу түтүн катмарынын калыңдыгынан кем болбогон күйбөй турган материалдардан жасалууга тийиш.
2. Желдетүү, кондиционерлөө жана түтүндөн коргоо тутумдарынын иш жүзүндөгү мааниси (анын ичинде отко туруктуулук чектери жана түтүн-газдын өтүшүнө каршылык көрсөтүүсү) тиешелүү ченемдик укуктук актылар, курулуш ченемдери жана эрежелери менен белгиленет.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
116-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-116" title="116-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>