# 115-берене. Курулуш конструкцияларына карата өрт коопсуздугунун талаптары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 115-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-115

---

1. Имараттардын (курулмалардын) курулуш элементтеринин конструкциялык аткарылышы күйүүнүн имарат (курулма) боюнча тымызын таралышынын себеби болуп саналбоого тийиш.

2. Курулуш конструкцияларынын өз ара бекүү жана жалгашуу түйүндөрүнүн отко туруктуулук чеги жалгашуучу курулуш элементтеринин отко туруктуулук чектеринен кем болбоого тийиш.

3. Имараттардын (курулмалардын) залдарында полду жантайтуучу конструкциялык элементтери ошол имараттардын кабаттарынын ортосунун калкаларынан төмөн эмес отко туруктуулук чегине ээ болууга тийиш.

4. Курулуш конструкцияларында кабелдер, өткөрмө түтүктөр жана башка технологиялык жабдуулар кесип өткөн жерлердеги көзөнөктөр толтурулуучу материалдар ошол конструкциялар үчүн белгиленген маанилерден төмөн эмес отко туруктуулуктун тиешелүү чегине ээ болууга тийиш.

5. Калкалар менен жабуулардын отко туруктуулук чектерин жогорулатуу үчүн колдонулуучу асма шыптардын конструкциялык элементтеринин отко туруктуулук чеги жана өрт коркунучтуулук классы ошол калкалар менен жабуулардын отко туруктуулук чегине жана өрт коркунучунун классына карата коюлуучу талаптарга жооп берүүгө тийиш.

6. Асма шыптуу жайлардагы өрткө каршы тосмолор алардын үстүндөгү жерди да бөлүүгө тийиш.

7. Чатырдагы жайлардын жыгач конструкциялары, (стропила, обрешетка, тирөөчтөр жана д.у.с.) жыгач поддондор, жыгач стеллаждары оттон коргоо каражаттары менен иштетилүүгө тийиш.

8. Асма шыптардын үстүндөгү боштуктарда күйүүчү газдарды, чаң-аба аралашмаларын, суюк жана катуу материалдарды ташуу үчүн каналдар менен өткөрмө түтүктөрдү жайгаштырууну кароого жол берилбейт.

9. Жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча "А" жана "Б" категорияларындагы жайларда асма шыптарды кароого жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-114)  
Кийинки берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-116)
