# 114-берене. Оттон коргоо каражаттарынын өрт коопсуздугу жөнүндө маалыматтарга карата талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 114-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-114

---

1. Оттон коргоо каражаттарына техникалык документтер колдонуу жаатын, өрт коркунучунун, үстүңкү бетти даярдоо ыкмаларын, топурактын түрлөрү менен маркаларын, корголуучу бетке жабуу ыкмаларын, кургатуу шарттарын, бул каражаттардын оттон коргоо натыйжалуулугун, атмосфералык таасирлерден коргоо ыкмаларын, оттон коргоочу жабууларды эксплуатациялоо шарттарын жана мөөнөттөрүн, ошондой эле оттон коргоо жумуштарын жүргүзүүдө коопсуздук чараларын мүнөздөөчү техникалык көрсөткүчтөрдүн номенклатурасын камтууга тийиш.

2. Оттон коргоо каражаттарын оттон коргоочу катмарга көрк берүүчү же анын атмосфералык таасирлерге туруктуулугун камсыз кылуучу материалдар (кошумча жабуулар) менен колдонууга жол берилет. Бул учурда оттон коргоо натыйжалуулугу белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык аныкталууга тийиш.

---

Мурунку берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-113)  
Кийинки берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-115)
