# 113-берене. Текстиль жана булгаары материалдарын колдонууга карата талаптар жана алардын өрт коркунучу жөнүндө маалыматтар

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 113-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-113

---

1. Текстиль жана булгаары материалдары имараттардын, курулмалардын функционалдык арналышына жана өрт коркунучуна же аларды жасоо үчүн пайдаланылган буюмдардын арналышына жараша колдонулат.

2. Текстиль жана булгаары материалдарын колдонуу боюнча өрт коопсуздугунун талаптары ошол материалдардын өрт коркунучунун көрсөткүчтөрүнө карата белгиленет.

Атайын коргоочу кийимдердин материалдарынын классификациялык жалындагыч белгилерин аныктоо усулдары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен белгиленет.

3. Атайын коргоочу кийимдердин материалдары атайын коргоочу кийимдердин типтерине жараша 5тен 40 кВт/м2 чейинки кубаттуулуктагы жылуулук агымы таасир эткенде үлгүнүн (материалдардын пакетинин) аркы бетинде 50ºС температурага жетүү убактысы менен мүнөздөлүүчү жылуулуктан коргоону камсыз кылууга тийиш.

4. Материалдардын, коргоочу кийимдердин жылуулуктан коргоо натыйжасынын классификациялык белгилерин аныктоо усулдары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталат.

5. Атайын коргоочу кийимдердин материалдары ачык жалындын таасирине туруктуулугу боюнча үлгүгө келген жылуулук агымынын тыгыздык мааниси 80 кВт/м2 болгондой газ берүүнүн жана анын чыгымдалышын жөнгө салуунун газ горелкасынын жалынына таасир көрсөткөндө температуранын 240ºС көбөйгөн убакыт менен мүнөздөлөт.

6. Материалдардын, атайын коргоочу кийимдердин ачык жалындын таасирине туруктуулугунун классификациялык белгилерин аныктоо усулдары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттарга ылайык менен белгиленет.

7. Текстиль жана булгаары материалдарынан жасалган театрдык жумшак декларациялар өрттөн коргоочу курам менен терең сиңирилип иштетилүүгө тийиш.

8. Текстиль жана булгаары буюмдарына карата коштомо документтерде алардын өрт коркунучу жана имараттар менен курулмаларда же ар түрдүү функционалдык арналыштагы буюмдарда колдонулушу жөнүндө маалыматты көрсөтүү зарыл.

---

Мурунку берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-112)  
Кийинки берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-114)
