# 11-берене. Заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучунун жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 11-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-11

---

1. Заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучу тандап алуу заттардын (материалдардын) колдонуу шарттарына жана агрегаттык абалына көз каранды көрсөткүчтөр менен аныкталат:

1) газдар - 25ºС температурада жана 101,3 кПа (килопаскаль) басымда каныккан буулардын басымы 101,3 кПа ашкан заттар;

2) суюктуктар - 25ºС температурада жана 101,3 кПа басымда каныккан буулардын басымы 101,3 кПа жетпеген заттар. Суюктуктарга ошондой эле эрүүчү катуу заттар да кирет, алардын эрүү же тамчы тамуу температурасы 50ºСдан төмөн;

3) катуу заттар менен материалдар - эрүү же тамчы тамуу температурасы 50ºСдан жогору болгон жеке заттар жана алардын аралашмалык композициялары, ошондой эле эрүү температурасы болбогон заттар (мисалы, жыгач, кездемелер ж.б.у.с.);

4) чаңдар - бөлүкчөлөрүнүн өлчөмү 850 мкм (микромиллиметр) кичине болгон майдаланган катуу заттар менен материалдар.

2. Көрсөткүчтөрдүн номенклатурасына ылайык өрт коопсуздугун жана жарылуу коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тутумдарды иштеп чыгуу үчүн алгачкы маалыматты алуу максатында көрсөткүчтөрдүн классификациясын белгилөөнүн жана алар боюнча ченемдик талаптарды киргизүүнүн мерчеми боюнча заттар менен жана материалдардын өрт-жарылуу коркунучунун жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү курулуш материалдары үчүн колдонулуучу усулдар менен аныкталат.

Көрсөткүчтөрдүн номенклатурасы жана заттар менен материалдардын өрт-жарылуу жана өрт коркунучун мүнөздөө үчүн аларды колдонуу белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайык аныкталат. Өндүрүш, кайра иштетүү, ташуу жана сактоо шарттарында заттар менен материалдардын өрт-жарылуу жана өрт коркунучун мүнөздөө үчүн көрсөткүчтөрдүн зарыл жана жетиштүү санын объектинин өрт-жарылуу коопсуздугун камсыз кылуу тутумун иштеп чыгуучу же затка (материалга) стандартты жана техникалык шарттарды иштеп чыгуучу аныктайт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-12)
