# 108-берене. Өрттөгү байланыш каражаттары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 108-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-108

---

1. Өрттөгү байланыш каражаттары өрт чыккан жерден күчтөрдү жана каражаттарды так жана үзгүлтүксүз башкарууну, алардын аракеттенүүсүн жана маалымат берүүнү камсыз кылууга тийиш.

2. Байланыш каражаттарына: байланыш техникасы (радиостанциялар, радио өткөргүчтөр, радиоретрансляторлор, телефондук, үндү бийик чыгаруучу байланыш, кабарлоочу жана башка маалымат берүү, кабыл алуу жана өзгөртүү үчүн, ошондой эле байланыш каналдарын жана линияларын түзүү, GPS-тутуму (өрт автомобилдеринин жайгашкан жерин аныктоочу навигация тутуму) үчүн арналган башка техника кирет).

3. Радио байланыш гарнизондун күчтөрүн ыкчам башкарууну, өрткө каршы мамлекеттик кызматтын (ӨМК) бөлүмдөрү жана өрт автомобилдери менен байланышууну, өрт чыккан жерде бөлүмдөр ортосундагы билдирүүлөр менен өз ара алмашууну, байланыштын проводдук каналдарын кайталоону (резервдөө) камсыз кылуу үчүн арналат.

4. Гарнизондун радиостанциялары стационардык, ташып жүрүүчү жана алып жүрүүчү болуп бөлүнөт. Станционардык радиостанциялар Бирдиктүү нөөмөт-диспетчердик кызматында (мындан ары - БНДК), бөлүктүн байланыш пункттарында (мындан ары - ББП) орнотулат, ал эми ташып жүрүүчүлөр - табелдик белгиленгендигине ылайык өрт автомобилдерине орнотулат.

---

Мурунку берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-107)  
Кийинки берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-109)
