# 107-берене. Өрт өчүрүүчү кол шатыларына карата талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 107-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-107

---

1. Өрт өчүрүүчү кол шатылары өрт өчүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өздүк курамына жайларга жана имараттар менен курулмалардын чатырына кирүүгө, көрсөтүлгөн жайларга от өчүрүүчү каражаттар менен заттарды берүүгө, ошондой эле ушул жайлардан эвакуация жолдоруна кайрылбастан эле, адамдарды куткарууну камсыз кылууга тийиш.

2. Өрт өчүрүүчү кол шатыларынын габариттик өлчөмдөрү жана конструкциясы аларды өрт автомобилдеринде ташуу мүмкүндүгүн берүүгө тийиш.

3. Өрт өчүрүүчү кол шатыларынын механикалык бекемдиги, өлчөмдөрү жана эргономикалык мүнөздөмөсү бийиктик деңгээлдерден адамдарды куткаруу мүмкүндүгүн жана зарыл өрт-техникалык куралдарды жана жабдууларды өйдө чыгарууну камсыз кылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-106)  
Кийинки берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-108)
